• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Таласта тергөөчү пара менен кармалды

9 Бештин айы 2021 16:34 Бишкек Govori.TV

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ИИМдин Талас шаары боюнча ички иштер бөлүмүнүн ички иштер кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинде (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Талас облустук ИИБнин тергөө кызматынын ага тергөөчүсү кармалды.

«Аталган тергөөчү С.Б. аттуу жарандан сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 300 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылгандыгы аныкталды. 2021-жылдын 7-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 50 миң сом алып жаткан жеринен Талас облусунун ИИБнын тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Д.Д. кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 849