• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Таласта токойдон чыккан өрт толук өчүрүлдү

26 Жалган куран 20249:07 Бишкек Govori.TV

Талас облусундагы токойдон чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 25-март күнү Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында алдын ала маалымат боюнча токойдон өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө Манас райондук ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Буга кошумча саат 18:56да Ч.Айтматов райондук ӨКБдан дагы 1 күжүрмөн эсеп тартылды.

Жеринде Талас облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, жалпы 3 эсеп тартылган. Өрт саат 23:43тө чектөөгө алынып, 00:40та толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана жаракат алгандар жок.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 25-30га түзөт.

Количество просмотров: 66