Бишкек.22.07.2019.Govori.TV.
Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү комитети түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт маалымдайт.
Маалыматка ылайык, оюндардын маданий бөлүгү- этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар «Манас Ордо» комплексинин аймагына жайгаштырылып, ал эми спорттук бөлүгү Райкан Алканов атындагы ипподромдо өтөт.
Кошумчалай кетсек, Улуттук көчмөндөр оюндары сентябрь айында өтөт.