• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Таласта жаңы спорт комплекс ачылды

21 Тогуздун айы 2023 18:47 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Айтматов районундагы Кызыл-Адыр айылында жаңы көп функционалдуу “Асыл” спорт комплексин ачты.

Спорттук-ден-соолукту чыңдоо комплексинин имараты жалпы аянты 0,5564 га жер тилкесинде жайгашып, бардык зарыл административдик-коммуналдык жайлар жана спорт зал менен камсыздалган. Ал машыгуу жана спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган. Комплекс спорттун ар кандай түрлөрү боюнча күнүмдүк жана мезгилдүү ден соолукту чыңдоо жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган. Тактап айтканда, баскетбол, волейбол, футзал, күрөш, бокс жана башка секцияларга катышуу үчүн залдары бар.

Президент Садыр Жапаров бул жакшы саамалык менен куттуктап жатып, «Асыл» спорт комплекси ден соолуктун булагы болуп, райондун, облустун жана жалпы өлкөнүн спорттук жетишкендиктерине өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы райондо болуп жаткан жаңы ийгиликтердин ичинен ушул спорт комплекстин ачылышына токтолуп, районго Айтматовдун ысымынын ыйгарылышы тууралуу кыскача айта кетти.

“Көпчүлүк элдин өтүнүчү аткарылып, Талас облусунун бул районуна залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун аты мыйзам чегинде берилди. Улуттук идеологиябызды чыңдоодо, жаштарды мекенчилдик дем менен тарбиялоодо кыргыздын уулу деп сыймык менен атай турган планетардык жазуучубуз элибиздин ар убак эсинде калып, тилинде болуп, күндөлүк жашоо-турмушун коштоп, сакталып калышы зарыл. Дүйнө билген, миллиондогон адамдар чыгармаларын барктап окуган классик жазуучубуздун атын татыктуу алып жүрүү жергиликтүү элге ары сыймыктануу менен катар ары жоопкерчилик экенин эч убакта эсиңиздерден чыгарбаңыздар”, — деп, президент Айтматов районуна мындан аркы өнүгүү каалады.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө аймактагы төө буурчак жана сүт азыктарынан жасалган продукцияларды эң көп экспорттогон бул райондогу алгылыктуу оң өзгөрүүлөрдү айтып берди. Анын ичинде миңдеген гектар айдоо аянттарын сугат суусу менен камсыз кылуу максатына миллиондогон каражаттар бөлүнүп, “Сарымсак”, “Бактуу-Ногой” каналдары курулуп жатат. Ошондой эле ал айыл аймактарынын жер тилкелери трансформацияланып, район аймагына кичи ГЭСтерди салуу иштери мерчемделгенин айтты. Бүт өлкө боюнча, анын ичинде Айтматов районунда мектептердин менен бала бакчалардын курулушу байма-бай ишке ашырылууда. Бир топ маданий объектилер толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп берилди.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров ушул “Асыл” спорт комплексинин ачылышы анын “Инсандын руханий, адеп-аклактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө чыгарган алгачкы Жарлыгынын уландысы экенин эске салды. Кыргызстандын атын чыгарган, желегин желбиреткен спортчуларды даярдаган кесипкөй мектеп болушун каалады. Мамлекет башчысы район калкынын саламаттыгын чыңдоого көмөктөшүп, жергиликтүү жаштардын кыргыз наркын сактап, туура жолдо тарбиялануусуна өбөлгө болгон куттуу жай болооруна ишенимин билдирди.

Сөз сүйлөгөндөн кийин президент Садыр Жапаров “Асыл” спорт комплексин, машыгуу залдарын жана ага жанаша жайгашкан аймагын кыдырып, ошондой эле бул комплексте машыга турган жаш спортчулар менен баарлашып, аларга жаңы ийгиликтерди каалады.

Количество просмотров: 127