Бишкек.25.12.2018.Govori.TV
Талас облусунда атайын жаңы жылдык балатыга бөлүнгөн каражат кайрымдуулукка жумшалат. Бул тууралуу жыл жыйынтыгына арналган жыйында белгилүү болду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев төмөнкүлөрдү билдирди.
“Өткөн жылы мен жаңы гана жумушка киргенимде балдарга облустун деңгээлинде жаңы жылдык балатыны өткөргөн эмеспиз. Анын ордуна бөлүнгөн акчага жардамга муктаж балдарга азык-түлүк сатып алдык. Балдарды балатыга чакырып, аларга кичинекей белек бергенче аларга 10-15 күнгө жете турганазык-түлүк алып бергенибиз жакшы эмеспи?! Бул жылы биз ушул нерсени кылабыз”,-деди Мураталиев.