• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Таласта жарадар болгон ак илбирсти Бишкекке алып келишти

10 Үчтүн айы 2020 11:37 Бишкек Govori.TV

Таласта жарадар болгон ак илбирсти Бишкекке алып келишти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалымдалгандай, учурда илбирс агенттиктин имаратында кармалууда.

“Улуттук илимдер Академиясынын илимпоздору жана медициналык кызматкерлердин катышуусу менен консилиум өткөрүп, рентгенге тартуу чечими кабыл алынган. Жырткычтын оорусу так аныкталган соң аны дарылоо башталат», — деп билдиришти ведомстводон.

Эскерте кетсек, кечээ Талас облусундагы Көк-Ой айылында жергиликтүү тургундар тарабынан жарадар болгон ак илбирсти бактан түшүрүүгө аракеттер көрүлүп жаткандыгы тууралуу видео тараган. Ал видеодо илбирс жарадар экендигин көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, кызыл китепке кирген ак илбирсти атууга тыюу салынган. Аткандарга 1 млн сом айып салынат.

Количество просмотров: 106