Таласта жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, беш киши ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Кара-Буура районунун Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 163-чакырымында «Mercedes Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы А.К. аттуу эркек киши каза болуп, 5 эркек киши ар кандай жаракат алышкан.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган 2 жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.