• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Таласта жол кырсыгынан 46 жаштагы инспектор каза болду

8 Чын куран 20199:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.04.2019.Govori.TV.

Талас облусундагы жол кырсыкта 46 жаштагы инспектор каза болду. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын кооопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолундагы Боо-Терек айылында болгон. Анда инспектордун унаасы менен MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кесепетинен милициянын прапорщиги Абдылдаев Жыргалбек кырсык болгон жерде көз жумду.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 17