• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Таласта жол кырсыгынан сегиз адам каза болду

16 Тогуздун айы 2021 11:32 Бишкек Govori.TV

Таласта жол кырсыгынан сегиз адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-октябрда болжол менен саат 22:54 чамасында Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 61-чакырымында (Кара-Ой айылы) «Хонда-Степвагон» менен «ДАФ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар жол кырсыгына кабылган.

Кырсыктын кесепетинен 7 эркек жана бир аял каза болгон.

Жерине төрт куткаруучу тартылып, каза болгондорду унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 2108