• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Таласта жол кырсыгынан жети жаран жабыркады

4 Тогуздун айы 202112:28 Бишкек Govori.TV

Талас шаарынын Ленин менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде Ford Transit менен Toyota Camry унаалары кагышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат боюнча, кырсыктан жети адам жабыр тарткан (беш эркек — 19 жаштагы С.Т., 20 жаштагы Т.А., 21 жаштагы Ю.С. жана 18 жаштагы Р.Б. менен Э. уулу Ж., эки кыз — 18 жаштагы Б.А. жана 19 жаштагы К.А.). Алар ар кандай даражадагы жараат алган.

Жабыркагандар тез жардам унаасы келгенге чейин ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 340