УКМК укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ИИБ кызматкерлери тарабынан опузалап пара талап кылуу фактысын аныктады.
Маалыматта айтылгандай, 28-февралында «опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айып короо жайынан унааны берүү боюнча акча каражатын мыйзамсыз алгандыгы үчүн Талас облусунун Айтматов РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору, милициянын майору К.Н.Р. жана Талас облусунун Айтматов райондук ИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кенже инспектору, милициянын сержанты Н.С.Ж. кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.