Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда тез тамактануучу жайдагы өрт саат 16:52де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти
Эске салсак, Кызыл-Адыр айылынын Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан тез тамактануучу жайда газ баллону жарылып, натыйжада өрт чыккан.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кырсыктан жабыркаган 11 адам ар кандай жараат менен Кара-Буура аймактык ооруканасына жеткирилген. Төртөөнүн абалы оор деп бааланууда. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.