• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Таластагы жаш келинди бычактады деген шектүү жаран кармалды

24 Аяк оона 2018 16:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.09.2018.Govori.TV.
Талас облусунда бычакталган 25 жаштагы келинди өлтүргөнгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Шектүү жаран кармалып, Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнө алынып келинүүдө.
Шектүүнүн ким экендиги жана окуя тууралуу маалымат алгачкы сурактан кийин гана белгилүү болот. Кошумча маалыматтар дагы да берилет», — деп жазылган.
Эске салсак, кече Талас облусунда 25 жаштагы келин бычакталып каза болгон. Анын 3 баласы бар болчу.

 

Количество просмотров: 23