• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Таласты коронавирустан катуу сактап жатышат (видео)

8 Чын куран 2020 13:54 Бишкек Govori.TV

Талас облусуна кире бериш жеринде санитардык-карантиндик пост уюштурулуп, унааларды жана адамдарды дезинфекциялоочу туннелдер коюлду. Бул тууралуу видео фейсбук социалдык тармакта жайгаштырылган.

Маалыматка ылайык, унаалар үчүн өзүнчө ал эми адамдар үчүн үчүн өзунчө өткөрмө туннели орнотулган. Мындан тышкары аймакка киргендер баардыгы дарыгердин көзөмөлүнөн өтүшөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалгыз Талас облусунда гана учурда коронавирус жуктурган учур каттала элек.

https://www.facebook.com/chakievmaksat/videos/2786111301474421/

Кыргызстанда жалпы 270 учур катталды.

Алардын ичинен:
Ош облусунда – 97
Ош ш. – 33
Жалал-Абад облусунда – 81
Баткен облусунда – 4
Нарын облусунда – 10
Чүй облусунда – 7
Бишкек ш. – 35 Ысык-Көл облусунда – 3

Количество просмотров: 1937