• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Таластагы Алмалуу-Тоодогу өрттү өчүрүү иштери 3 күндөн бери улантылып жатат

31 Теке 201812:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.07.2018. Govori.TV
Бүгүн 31-июлда Талас облусундагы Алмалуу-Тоодо өрт өчүрүү иштери улантылып жатат. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз борбору билдирди.
«Манас райондук №100 өрт куткаруу бөлүмүнөн 20 куткаруучу жана токой чарбасынан 12 кызматкер ошондой эле саат 10:30да аларга Жайылган айылынан 15 адам кошулду»-деп жазылат.

Белгилей кетсек, Казакстан Республикасы менен чектешкен аймактагы Алмалуу-Тоодо куураган чөп 28-июлда өрттөнүп баштаган. Ошондон бери өрт өчүрүлүп, кайра тутанып жатат. 29-июлда саат 19:30 өрт толук өчүрүлгөн, бирок 30-июлда түн ичинде кайрадан жанданып, Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 1500 га куураган чөп күйүп кеткен.

Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 18 куткаруучу, токой чарбадан 12 кызматкер тартылып, өрт кечээ, 30-июлда саат 12:10дө толук өчүрүлгөн. Кайрадан саат 19:05те өрт тутанып, Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 100 га куураган чөп күйүп кеткен.

Количество просмотров: 20