• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Таластын вице-мэри менен шаардык кеңештин төрагасы камакта калтырылды

30 Үчтүн айы 20239:52 Бишкек Govori.TV

29-январда Талас шаардык сотунун чечими менен Талас шаарынын вице-мэри Максат Байжигитов менен шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбековдун камактагы мөөнөтү узартылды.

«Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп шек саналып жаткан Байжигитов менен Жусупбеков 2023-жылдын 10-февралына чейин камакта калтырылды.

Эске салсак, УКМК Талас шаардык мэриясындагы жер тилкелерин ижарага берүүдөгү коррупциялык схемага байланыштуу Байжигитов, Долдоев, Жусупбеков, анын орун басары Курамаев кармалганын 10-январда билдирген. Маалыматта 2020-2022-жылдардагы коррупциялык схемалардын алкагында бюджетке келтирилген чыгымдын суммасы 30 млн. сомдон ашканы айтылган болчу.

Количество просмотров: 233