• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Талибан» аялдардын оюн-зоок борборлорго баруусуна чектөө киргизди

29 Жалган куран 2022 9:03 Бишкек Govori.TV

Талибдер Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы бардык оюн-зоок борборлорунда эркектер менен аялдардын чогуу болушуна тыюу салды. Бул тууралуу «Талибан» радикал кыймылы түзгөн өкмөттөгү Ыйманды алга сүрөө жана адеп-ахлаксыздыктын алдын алуу боюнча министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, мындан ары аялдар менен кыздар Кабулдагы оюн-зоок борборлоруна жекшембиден шейшембиге чейин гана бара алышат. Бул жайлар эркектер жана балдар үчүн шаршембиден ишембиге чейин ачык болот. Министрлик жарыялаган жадыбалда үй-бүлөлөргө эч кандай жеңилдик каралган эмес.

Талиб өкмөтүнүн бул чечими Ооганстанда аялдар менен кыздардын укугу чектелип жатканы тууралуу тынчсызданууларды ого бетер күчөттү.

23-мартта талибдер 6-класстан жогорку окуучу кыздарга мектепке барууга тыюу салган чечимин кеңейткен. Натыйжада Ооганстанда 1 миллион ашык кыз окууга бара албай калган. Аны улай Кабулда мугалимдер, окуучулар жана аялдардын укугун коргогон активисттер митингге чыгышкан.

Буга чейин талибдер жети айдан бери жабык турган мектептерди 23-марттан тарта ачып, кыздардын билим алуусуна шарт түзүүгө убада берген болчу.

Количество просмотров: 91