• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Талибдер Газни шаарын курчоого алды

12 Теке 2021 22:23 Бишкек Govori.TV

“Талибандын” согушкерлери Ооганстандын борбордук бөлүгүндөгү Газни шаарын курчоого алышты. Аталган аймактын жергиликтүү кеңешинин мүчөсү Хасан Резайи кырдаал оор экенин айтты.

“Шаардагы абал абдан кыйын. Талибдер жайкын тургандардын үйлөрүнө жашынып алып, аскерлерди аткылап жатышат. Бул ооган армиясынын талибдерге каршы салгылышуусуна тоскоол болуп жатат”, — деди ал.

Бул шаар Газни провинциясынын борбор болуп саналат.

Ушул жылдын май айынан тарта АКШ баш болгон коалициялык күчтөр аскерлерин Ооганстандан чыгарып жатат. Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден аскерлерин 11-сентябрга чейин ооган жергесинен чыгарып кетерин убада кылган. Кийин АКШнын Ооганстандагы аскердик миссиясы 31-августта аягына чыгарын билдирген.

12-июлда Кабулда Американын Ооганстандагы миссиясынын аякташына байланыштуу иш-чара өттү. АКШнын Ооганстандагы аскер контингентинин командачысы генерал Остин Миллер өз кызматын тапшырып берди.

Мындай кырдаалда “Талибандын” активдүүлүгү күчөп, түндүктөгү бир нече районду ээлеп алды.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 258