• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Талиева: №39 протокол биздин элдин кызыкчылыгына иштебесе Жогорку Кеңеш жокко чыгарат

3 Бирдин айы 2022 16:58 Бишкек Govori.TV

№39 протокол биздин элдин кызыкчылыгына иштебесе Жогорку Кеңеш жокко чыгарат. Бул тууралуу эл өкүлү Камила Талиева билдирди.

Анын айтымында, эл «чек ара качан чечилет?» деген суроону кабыргасынан коюп жатат.

«Чек ара качан чечилет? деген маселени Жогорку Кеңеш дагы кабыргасынан коюп жатат. Эки өлкөнүн президенттери жолугуп, көйгөйдү чечсе. Делимитация жана демаркация иштери 3 айдан бери токтоп калганы кечээ жабык эшик артында айтылды. Парламент 2-февралдагы жыйынында чек ара маселесин жабык карады. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер маалымат берди. Жол кыргыздын жерине салынсын, өзүбүз тейлейли, кыйынчылыктарга карабай өз каражатыбызга куралы деген сунуштарды айттык. Жолго уруксаат алуу оңой эмес, эки тараптын мамлекет башчылары анын статусун аныктайт. Албетте, бизди Кыргызстандын кызыкчылыгы кызыктырат. №39 протокол боюнча кооптонуу болуп жатат. УКМК жетекчиси Ташиев «жолдун статусу белгиленмейин салынбайт», «коридор берилбейт» деди. Эгерде аталган протокол мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштей турган болсо Жогорку Кеңеш өткөрбөйт. Протокол биздин элдин кызыкчылыгына иштебесе парламент жокко чыгарат. Ошондуктан кооптонууга негиз жок. Биз өткөндөн сабак алышыбыз зарыл. Баягы 275 метр жер тууралуу айта берип, биздин коңшу тарап ушул маселени желек кылып көтөрүү менен өздөрүнүн кызыкчылыгына колдонуп жатат. Али юридикалык күчкө ээ боло элек документти пиар кылуунун кажети жок. Бизге мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынбаган документ келсе караманча каршы болобуз»,-деди депутат Талиева.

Количество просмотров: 1068