«Эркектердин өкмөтү» деп жаңы Ай үйүнө жазып алгыла! Мындай пикирин бүгүн, 30-январда ЖК депутаты Камила Талиева Министрлер кабинетинин мүчөлөрүндө аялдар дээрлик жок экенин сындап жатып айтты.
Депутат эмне үчүн министр болуп дайындалган айымдар бат-баттан эле кызматтан кетип жатканына түшундүрмө сүрады. Ал белгилегендей өкмөт мүчөлөрүндөгү гендердик балансты сактоо маанилүү маселе.