«Ойлон» долбоордун алкагында GovoriTV маалымат агенттик подкасттарды чыгарып баштайт. “Ойлон” долбоору адамдарды кандайдыр бир маалыматты таратуудан же ага ишенүүдөн мурун ойлонууга үндөйт.
Бүгүнкү чыгарылышта медиа чөйрөсүндөгү аялдардын ролу тууралуу сүйлөшөбүз. Кыргызстанда аялдар журналистикада активдүү болгону менен, аларга карата дискриминация, басым жана киберкоркутуулар дагы деле актуалдуу.
Бүгүн студияда — гендердик эксперт, журналист Санжар Эралиев.
Санжар Эралиев Кыргызстандагы медиа тармагында аялдардын орду, редакцияларда чечим кабыл алуу деңгээлинде аялдардын саны жетиштүүбү, аял журналисттер көбүнчө кайсы темаларда иштешет, жана бул өзүнчө бир гендердик бөлүнүүнү көрсөтөбү деген темага токтолду. Маекте көз карандысыз медиаларды айымдар көбүрөөк башкарса, мамлекеттик медиаларды эркектер иштетет деп айтылды.
Андан тышкары, гендердик стереотиптер контентке кандай таасир тийгизет? Мисалы, аял жөнүндө кандай тил колдонулат, деген суроого жооп изделди.
Негизи медиада аялдардын образы кандайча берилет, аялдар тууралуу жаңылыктар кандай учурларда гана чагылдырылат, медиа көбүнчө аялды кайсы ролдо көрсөтөт: эне, жабырлануучу, кооз келбетпи? Мисалы, аял саясатчы менен эркек саясатчыны чагылдырууда кайсы терминдер колдонулат?
Ишмердигин 2003-жылы Жалал-Абаддагы «Фергана» гезитинде баштаган, кийин «Акыйкат» гезитинде иштеген.
Студент кезинде «Камертон» аттуу жаштар гезитин ачып, башкы редактору болгон.
2009-жылдын ноябрынан 2010-жылдын августуна чейин КТРКнын «Кабарлар» радиосунда редактор болуп иштеген.
2011-жылы «Эркин Европа Азаттык радиосунун» кыргыз кызматынын Оштогу кабарчысы болгон.
2013-жылдан 2024-жылга чейин аталган радионун Бишкектеги жана Прагадагы кеңселеринде журналист, алып баруучу болуп иштеген.
АКШда тажрыйба өтөгөн.
Аялдардын жана балдардын укуктарына байланыштуу бир канча даректүү тасмалардын автору.
Учурда «Эркин Европа Азаттык радиосунун» өзбек кызматынын журналисти.
Үй-бүлөлүү, бир кыз, эки уулдун атасы.