• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Талиева: Мадумаров менен Ташиев ачууга алдырып коюшту

8 Кулжа 2022 14:42 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров менен УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев өткөн аптадагы жыйында ачууга алдырып коюшту. Мындай пикирин депутат Камила Талиева билдирди.

«Баардык жерде мамлекеттик кызматкердин өзүнүн этикасы бар. Кандай учур болбосун мыйзам чегинен чыкпаш керек жана өзүмө дагы ушул талапты коем. Бир тарапка эле күнөө оодарган болбойт. Мисалы, Адахан Кимсанбаевич дагы чагымчылдыкка түрттү. Колун кесеп туруп алды. Жөнөкөй чечиле турган маселени ачууга алдырып коюшту. «Ачуу душман, акылдуу дос» деген жакшы макал бар. Андыктан эки тарап тең ачууга алдырбаш керек эле. Эки жактан тең кетип калды. Деген менен парламенттин табияты ошондой, трагедия кылбаш керек. Бирок сабырдуулук менен сүйлөгөнгө аракет кылуу зарыл»,-деди Талиева.

Эске салсак, парламенттин 2-июндагы жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы аткезчилик боюнча маалымат берүү учурунда депутат Мадумаровду «УКМКга далилсиз сын айтууда» деп айыптаган. Адахан Мадумаров атайын кызматтын башчысы Ташиевдин сөзүнө жооп берип, УКМК кызматкерлери мыйзам бузуп, Баткендин тургундары түйшүк жаратып жатканын белгилеген. Натыйжада эки саясатчы Жогорку Кеңеште кайым айтышкан.

Количество просмотров: 1190