• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Тамеки тартам. Мыйзамды уруп ойнобойм

18 Тогуздун айы 2018 16:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.10.2018.Govori.TV.
Кыргызстан буга чейин коомдук жайларда тамеки тартпоо туралуу мыйзам кабыл алган. Бирок ал мыйзам бүгүнкү күндө унутулуп бараткандай таасир калтырат. Борбордун баардык жайларында, а түгүл коомдук транспорттун ичинен чылым чеккендерди көрүп калабыз.
 Мыйзам бар экенин билип, бирок, баары бир бул иш уланып жатканына ким жооп берет. Мыйзамды чыгарып бирок ишке ашыра албаган бийликпи же эч нерсе болбойт дегенге көнгөн коомбу?
Коомчулуктун оюн уксаң мыйзам иштебей жаткан экен деген ойго келесиң, ал эми депутаттар иштебей жаткан мыйзамды толуктап, кошумчалап кайра сунуштап жатканы да бар.
 Толуктоолор болсо болсун деп, бирок аны аткаруу түйшүгүн эл өкүлдөрү бирине бири түртө салганы өкүндүрөт.
Ал эми азыркы мезгилде эл мыйзамды сыйлабай калганы, анын ишке ашпай жатканынын бирден бир себеби катары көргөндөр да бар.

Кабыл алынып бирок ишке ашпаган, унутта калган мыйзамдар көп. Бирок, ал мыйзамдарды кайрадан эстеп кеткенде көтөрүп чыгып, жаңылоонун канчалык кереги бар деген суроо туулат.

 

Количество просмотров: 42