Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 158-чакырымында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, “ВМV” үлгүсүндөгү жеңил унаанын дөңгөлөгү жарылып жолдон чыгып кеткен. Унаанын ичиндеги 1 адам жеринде каза болгон. Жабыркаган 2 адам Кадамжай аймактык орууканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Кырсыктын кесепетинен каза болгон Өзбекстандын жаранын куткаруучулар ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине 4 куткаруучу тартылган.