• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Танзанияда учак кырсыгынан 19 киши каза болгону айтылды

7 Жетинин айы 2022 15:17 Бишкек Govori.TV

Tanzania Business Insight басылмасы кабарлагандай, өлкөнүн борбор калаасы Дар-эс-Саламдан Букоба шаарына учуп бараткан жергиликтүү Precision Air авиакомпаниясынын лайнери Викотория көлүнө кулады.

Кырсыктын себеби азырынча аныктала элек. Баштапкы маалыматтарга караганда, экипаж начар аба ырайынан улам башкарууну жоготуп алганы кабарланууда.

Учактын бортунда экипаж мүчөлөрүн кошкондо 53 киши болгон. Ушул тапта Танзания бийлиги издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө. 26 жүргүнчү аман калганы айтылууда.

Количество просмотров: 144