• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Тарапташтарынын кармалышы боюнча Мадумаров эмне дейт?

6 Теке 2023 14:58 Бишкек Govori.TV

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров партиянын айрым мүчөлөрүнүн кармалышы тууралуу Govori.TVга комментарий берди.

Депутаттын айтымында, тарапташтарынын эмне себептен кармалганы белгисиз.

«Мага келген маалыматтар боюнча №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоого байланыштуу. Ал шайлоо өтүп, кийин жараксыз деп табылып, жыйынтыгы жокко чыгарылган. Тек гана өз алдынча ой жүгүртө алган жарандардын оозун жабуу, көз карашы барлардын көзүн таңуу, эн-эркин ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк бербөө болуп жатат», — деди Мадумаров.

Белгилей кетсек, 6-июлда “Бүтүн Кыргызстандын” беш мүчөсү кармалганын партиянын мүчөсү Нурбек Кубанычбеков билдирген. Анын айтымында, кармалган беш кишинин арасында Майрам Сатарова, Артур Бакиров, Мирлан Ураимов бар, калган эки кишинин аты-жөнү азырынча белгисиз.

Азырынча тиешелүү кызматтар расмий маалымат бере элек.

Количество просмотров: 455