• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тарасенконун УКМКга чакырылышынын себеби анык болду

6 Баш оона 2019 18:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.08.2019.Govori.TV.

КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгы дизайнер Никита Тарасенкону Ислам динине болгон терс мамилесин камтыган, мусулмандардын диний сезимине акарат келтирген материалдарды «Facebook» социалдык тармагында бир нече жолу жазгандыгы үчүн ал жазуулар интернет колдонуучулар арасында көптөгөн негативдүү пикирлерди жараткандыктан сотко чейинки өндүрүштүн ачылышына негиз болгонун айтты. Андан тышкары, мындай кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюууга багытталаган чаралар толугу менен мыйзамга ылайык жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Бишкектик дизайнер Никита Тарасенко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке күбө катары бир нече жолу суракка чакыруу алганын буга чейин «Фейсбук» баракчасына жазган эле.

Количество просмотров: 40