Россиялык тарыхчы Виктор Козодой УКМКга чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнун фейсбук баракчасына жазды.
«Менин жупуну эмгегиме жана кыргыздардын тарыхы боюнча ишмердүүлүгүмө УКМК жана прокуратура олуттуу кызыгып, көңүл бурушууда», — деген ал.

Виктор Козодой тарых илимдеринин доктору, Тарых жана коомдук-саясий изилдөөлөр институтунун жетекчиси.
Ал соңку жылдары кыргыз тарыхы тууралуу макалаларын жарыялап, Кыргызстанга да бир нече ирет келген. Анын “Сибирь кыргыздарынын беги — Эренек” аттуу китеби кыргыз тилинде да жарык көргөн. Козодойдун социалдык тармактардагы билдирүүлөрү жана макалаларындагы «сибирь кыргыздары» тууралуу жазгандары кыргыз коомчулугунда талкуу жараткан.