Көрүнүктүү тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Владимир Михайлович Плоских 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу КРСУнун басма сөз кызматы билдирди.
Владимир Михайловичтин ысымы ата мекендик тарых илиминин алтын барактарына татыктуу болуп жазылган. Ал археология, этнография жана Борбордук Азиянын булак таануу тармагы боюнча таанымал адис болгон. Анын илимий эмгектери кыргыз элинин тарыхын, мамлекеттүүлүгүн жана аймактын маданий мурастарын изилдөө үчүн фундаменталдуу болуп калды.