Таш-Көмүр шаардык мэриясынын аппарат башчысы Темирбек Мырзатаев жол кырсыктын кесепетинен каза болду. Бул маалыматты Turmush жазды.
Маалыматка ылайык, кырсык 6-июнь күнү болжол менен саат 17:00дор чамасында болгон. Анда 54 жаштагы Мырзатаев Аксы районунда кайын иниси менен бара жатып кырсыкка кабылган. Кырсыктан улам ал ооруканага жетпей каза болгон. Ал эми кайын иниси аман калган.
Темирбек Мырзатаев 8-июнда кичи мекени Аксы районунун Аркыт айылында жерге берилген. Ал 2018-жылдан бери Таш-Көмүр шаардык мэриясынын аппарат башчысы болуп эмгектенип жаткан.