• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

«Таш-Рабат» соода борборунда өрт чыкты

7 Теке 20219:54 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги «Таш-Рабат» соода борборунун имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМдин маалыматы боюнча, 7-июлга караган түнү өрт өчүрүүгө 3 бөлүм жөнөтүлгөн. Саат 04:43тө өрт чектөөгө алынып, саат 05:05те толугу менен өчүрүлдү. Адамдар жаракат алган жок.

Өрттүн себеби такталып жатат.

Количество просмотров: 129