• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ташиев 3 күн ичинде 2 млрд өндүрүшкөнүн айтып чыкты

21 Тогуздун айы 2020 11:10 Бишкек Govori.TV

3 күндө 2 миллиард сомдон ашык акча өндүрдүк. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Урматтуу мекендештер! Официалдуу жумушка чыкканыма бүгүн 3 күн. 3 күндө 2 миллиард сомдон ашык акча өндүрдүк. Тергөө аныктаса дагы төгөт. Мамлекетке зыян келтирген коррупционерлерден элдин акчасын кайтарабыз. Бул башталышы гана, көптөгөн эл жегичтер менин тизмемде турат. Баарын кустурабыз. Ушул коррупционерлерди кустуруу операцияларында бир да укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир сом дагы пара алышпайт. Баарын мамлекетке төктүрөбүз. Бул маселелер жеке менин көзөмөлүмдө эч кыжаалат болбоңуздар! Аларды камап отурбастан уурдаган акчасын төлөтүп, кийинки кылмыштарына бөгөт коёбуз. Кыргыз мамлекетинде коррупционер, элдин акысын жеген жана элди куураткан бир адам да болбош керек», — деп жазган Ташиев.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев 16-октябрда УКМКга төрага болуп дайындалган болчу.

Количество просмотров: 427