• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ташиев 4 жылда мамлекетке канча сом өндүрүлгөнүн айтты

17 Бештин айы 202410:27 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын ушул мезгилине чейин мамлекетке 168 млрд 287 млн 49 миң сом кайтарылганын билдирди.

“Биз декабрдын аягына чейин дагы кошумча 40 млрд 893 млн сомдук жумушту аткарып бүтөбүз деген оюбуз бар. Азыр кылмыш иштеринин алкагында каралып бүтүп аткан жумуштар. Бул 472 млн 755 миң доллар болот экен. Демек, 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын декабрь айынын аягына чейин 209 млрд сом жыйналат. Бул 2 млрд 400 млн доллар болот экен”, — деди ал.

Ал кошумчалагандай, 168 млрд 287 млн сомдун ичинен 37 млрд 776 млн сом акчалай, 130 млрд 510 млн сом мүлк түрүндө кайтарылган.

Количество просмотров: 120