• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Ташиев: Акылбек Жапаровдун УКТ менен байланышы болсо, жоопко тартууга даярмын

17 Жетинин айы 2023 20:04 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 17-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасынын тоюна барганы боюнча үн катты.

«Эмне үчүн Акылбек Жапаров Камчы Көлбаевдин апасынын тоюна барса жазалабайсыңар? деп сурап жатышат. Көлбаев менен да сүйлөшүү болгон. Муну дагы коомчулук билиш керек. Раим Матраимов менен да сүйлөшүү болгон. 3 жыл алдын бийликке келгенде айтканбыз. «Коомго зыяныңарды тийгизбегиле. Мыйзамды бузбагыла» дегенбиз. Алар ошого макул болгон. Акыркы 1 жылдан бери кайра күчөп кетишти. Тоноп, коркута башташты. Бажыга зыян тийгизе башташты. Эскерткенге болбосо, эмне кылышыбыз керек? Мен ушул жерде турганда, мен тирүү турганда мамлекетке каршы иш болбойт. Жол бермейм. Акылбек Жапаров ал тойго 5 жыл мурун барган экен. Көлбаев менен мен да тааныш болгом, мен да ага жолуккам. Жапаров 3 жылдан бери биз менен иштеп жатат, эч кандай байланышы жок. Эгерде Акылбек Үсөнбековичтин кылмыштуу топ менен байланышы болсо, ал кишини жоопко тартууга даярмын», — деди ал.

Социалдык тармактарда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын юбилейинде куттуктоо сөзүн сүйлөп жаткан видеосу тараган. Бул жагдай коомчулук тарабынан сынга алынган

Количество просмотров: 325