• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Көлбаевдин апасынын тоюна барган Жапаров талкууда. Президенттик администрация билдирүү таратты

9 Жетинин айы 2023 14:30 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын юбилейинде куттуктоо сөзүн сүйлөп жаткан видеосу тараган. Бул жагдай коомчулук тарабынан сынга алынган.

Бул арада Президенттин администрациянын басма сөз катчысы Дайыр Орунбеков жогорудагы талкууга түшкөн видео боюнча билдирүү таратты.

«МинКаб төрагасы Акылбек Жапаровдун Мая Алиеванын 70 жылдык юбилейине арналган салтанатка катышкан эски видеосу социалдык байланыш тармактарында жарыяланып, талкууга алынып жатат. Интернет колдонуучулар тойго катышкан себебин жана алар менен кандай байланышы бар экенине кызыгышууда. Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз», — деп жазган ал.

Эске салсак, 4-октябрда кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев УКМКнын атайы кармоо операциясы учурунда жок кылынган. Мындан соң атайы кызмат Көлбаев жана анын кылмыштуу тобун каржылап турган деген айып менен бир нече ишкер кармалганын маалымдаган.

2-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө Көлбаев, Матраимов деген мафия болбой турганын, мамлекеттик органдар бул топко жакын 202 адамдан тазаланып жатканын билдирген.

Количество просмотров: 492