• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ташиев «Ала-Арча» резиденциясында жашап жатабы? Президенттин жообу…

23 Тогуздун айы 2021 13:39 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында анын уруксаты менен жашап жатканын бышыктады. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди.

«Кимдер жашайт, кимдер жашабай турганын президенттин иш башкармалыгы менен мен чечем, мен уруксат бергем. Анткени Ташиевдин коопсуздугу керек. Акыркы убактарда кандай иштеп жатканын көрүп жатасыздар, эл-журт баа берип жатат. «Сен мамлекет үчүн кан-жаныңды аябай иште, ал эми коопсуздугуң көчөдө кала берсин» деп мамиле кылсак, анда мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эртең эч ким иштебей коёт», — деди президент.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны өтүп жатат.

Количество просмотров: 3533