• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ташиев «Алай районунун ардактуу атуулу» наамына ээ болду

26 Аяк оона 2021 9:38 Бишкек Govori.TV

УКМКнын Алай райондук бөлүмчөсү жаңы имаратка көчүрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-сентябрда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Алай райондук бөлүмчөсүнө курулган жаңы имараттын ачылыш аземи болуп өттү.

Ага комитеттин аймактагы өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн УКМК башчысы Камчыбек Ташиев мындан ары да өлкөнүн аймактарындагы атайын кызматтын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо аракети активдүү улантылаарын белгиледи.

Кызматкерлерден мыйзамдуу милдеттерин так аткаруу талап кылынаарын эскертти. Айрыкча коррупцияга каршы курөшүү, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү, чек ара коопсуздугу багыттарына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Аземде Камчыбек Ташиевге 2008-жылы Алай райондук администрациясы тарабынан кабыл алынып, бирок аткарылбай калганын айткан район акими, «Алай районунун ардактуу атуулу» наамын берүү чечимине ылайык бүгүн Камчыбек Ташиевге тийиштүү сыйлыкты ыйгарды.

Количество просмотров: 111