• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ташиев: Ар бир депутаттын дипломун текшеребиз

23 Үчтүн айы 2022 12:14 Бишкек Govori.TV

Азыр айыл өкмөттөн тарта министр, депутаттарга чейин жарандыгы менен дипломдорун текшерип чыгабыз. Эгерде жасалма дипломдор боло турган болсо, кызматынан алабыз. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналистерге берген маалымат жыйынында билдирди.

Ташиев билдиргендей, УКМК дипломдорду 3 айда текшерет.

«Коомдо кызуу талкууга алынган диплом маселесинен улай эми мамлекеттик кызматкерлердин баарынын диплому текшерилет. Бул боюнча Президент Садыр Жапаровдун тапшырма берди. Бул боюнча мен жума күнү чон жыйын өткөрдүм. Азыр айыл өкмөттөн баштап, министрлерге чейин, жарандыгы менен дипломдорун текшерип чыгабыз. Эгерде жасалма дипломдор боло турган болсо, кызматынан алабыз. Эгерде жасалма дипломдор боло турган болсо, кызматынан алабыз. Ошондой эле ошол жылдар аралыгында мамлекетке келтирген зыянын сот аркылуу мамлкетке төлөткөнгө аракет кылабыз. Өлкөдө 1995-жылдан баштап жасалма диплом жана паспорт берүү күч алган. Ал убакта жасалма диплом алгандар бүгүнкү күндө чоң -чоң кызматтын башына келип калды. Балким министрлер бардыр. Ошол эле учурда ар бир депутаттын дипломун текшеребиз» , — деди Ташиев.

Количество просмотров: 416