• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ташиев: Атамбаевдин абалы жакшы эмес, эртең кабар алам

24 Бештин айы 2020 11:49 Бишкек Govori.TV

Атамбаевдин абалы жакшы эмес, эртең кабар алам. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы анча жакшы эмес. Жума күнү андан барып кабар алам. Эгерде абалы чынндап начарлаган болсо, УКМКнын тергөө абагынан башка абакка которуу чечимин кабыл алам», — деди Ташиев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында өткөн.

Анда бир адам каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Батукаевдин ишине байланыштуу Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Количество просмотров: 4261