• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ташиев: Азыр кылмыштуу топ башын көтөрө алабайт, көтөрүп көрсүн башын жанчып ийебиз

13 Тогуздун айы 2021 12:30 Бишкек Govori.TV

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламенттин жалпы жыйынында депутат Шайлообек Атазовдун суроосуна жооп берип жатып, өлкөдө бир да кылмыштуу топ баш көтөрө албай ткрганын айтты.

«Кылмыштуулук боюнча акыбал бир жыл мурда кандай эле, жакшы билесиздер. Бир жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтор мамлекетти бүт ороп алган эле. Түштүктө өзүнчө мафиясы бар, түндүктө өзүнчө бар. Кылмышкерлер бири «мыйзамдагы ууру» болуп, бири «положенец» болуп, мамлекетти ороп алды эле. Керек болсо мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга, мамлекеттик ишканаларга кол сала башташкан. Бүгүнкү күндө андай жок. Азыр бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбү, жетекчисиби, башкасыбы, башын көтөрүп көрсүн мбашын жанчабыз», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 3301