• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ташиев: Азыр сотторго пара берип көрүңүздөр, бир да сот пара албайт

8 Теке 2021 15:48 Бишкек Govori.TV

Азыр өлкөдө бир дагы сот пара албайт. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, сот органдарындагы бир нече кызмат адамды жоопко тартылгандан кийин соттор пара алууга даай албай калды.

«Азыр сотторго пара берип көрүңүздөр, бир да сот пара албайт. Соттор мыйзамга ылайык чечим чыгарып калышты. Пара алган соттор болсо, биз аларды жоопкерчиликке тартабыз. Биз сот органдарынын бир нече кызмат адамын жоопко тарттык Жогорку Соттун башчысы Калиеваны баш кылып. Ошол себептүү сот системасындагы кырдаал өзгөрдү», — дейт Ташиев.

Количество просмотров: 1819