• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ташиев: Бабанов калп айтып, коомчулуктун башын айлантпасын

15 Үчтүн айы 2021 15:46 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев саясатчы Өмүрбек Бабанов менен былтыркы жылдын 9-октябрынан бери жолуга электигин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ташиев ошондой эле 9-октябрдагы митингде чагымчылдык кылгандар иликтенип, жазасын аларын да кошумчалаган.

«Бабанов калп айтып, коомчулуктун башын айлантпасын. Биз аны менен Октябрдагы башаламандыктардан кийин (09.10.2020) жолугушкан эмеспиз. Руслан Казакбаев Бабанов экөөбүздүн жолукпаганыбызды тастыктай алат. Дагы бир жолу айтам, Бабанов менен Атамбаев жана башкалар борбордук аянтка бийликти басып алуу үчүн келишкен. Биз ошондогу митингде чагым уюштургандардын баарын аныктап, чара көрөбүз»,-деп жазган Ташиев.

Буга чейин «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 13-октябрь күнү Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен жолукканын кабарлаган.

Количество просмотров: 2499