• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ташиев байгеге 1 млн сом берип… Жалал-Абадда көк бөрү боюнча чемпионат өтүүдө 

4 Бугу 202310:06 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда көк бөрү боюнча республикалык чемпионаттын расмий ачылышы өттү. Сузак районунун «Телтору» ат майданында өтүп жаткан мелдеште өлкөнүн жети дубанынан келген 35 команда ат салышууда. Турнир милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине жана 9-май — Жеңиш күнүнө карата өткөрүлүүдө.

Ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, Молдомуса Конгантиевдин агасы Камбаралы Конгантиев, жергиликтүү бийлик жана 3 миңге жакын көк бөрү оюнун сүйүүчүлөрү катышты.

Камчыбек Ташиев байгеге УКМКнын өздүк курамынын атынан 1 млн сом берип, Жалал-Абад облустук милициясына автоунаа тапшырды. Мелдеш 2-майда башталган, 9-майга чейин уланат.

Количество просмотров: 120