• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ташиев: Баткенде өрттөлгөн үйлөрдү өзүбүз калыбына келтиребиз

3 Бугу 20211:48 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалда өрттөлгөн, талкаланган турак жайларды кыргыз өкмөтү калыбына келтирет. Бул тууралуу Лейлек районундагы Максат айылында эл менен жолугушуу учурунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

 «Биз Тажикстандан келтирилген зыяндын ордун толтурууну суранбайбыз, жарандарды турак-жай менен өзүбүз камсыз кыла алабыз. Эгерде Тажикстан өзү күнөөсүн мойнуна алып, айылдарды калыбына келтирүүгө жардам берүүнү кааласа, анда Кыргызстан аны карап чыгат. Бирок Кыргызстан муну суранбайт. Биз үйлөрдү калыбына келтирип баштоону пландап жатабыз. Иш кийинки жумада башталат. Үйлөр кайрадан курулуп жатканда, жергиликтүү тургундар убактылуу жатаканаларда, туугандарынын жана үй-жайсыз калгандарды кабыл алууга даяр адамдардын үйүндө жашап турушат. Сентябрь айында баарына үйлөр берилет», — деди Ташиев.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткен облусунда 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн 1 имараты жана 8 дүкөн талкаланган.

Количество просмотров: 117