Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 21-октябрда Баткен облусунда күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, жыйында Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу, чыр-чатактарды болтурбоо үчүн бардык аракеттерди көрүү зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле чек ара аймактарында жаралган көйгөйлөр саясий-дипломатиялык жол менен, сүйлөшүүнүн негизинде чечилиши керектигин айткан.
Ал Баткен облусунун жетекчилигине тажик тарап менен кызматташууну бекемдөө милдетин коюп, кабыл алынган чечимдерди аткарбагандыгы үчүн Баткен облусунун укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери жеке жоопкерчилик тарта турганын айтты.
