Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Баткен облусуна жөнөп кетти.
Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев учурда Баткен облусуна жетти. Ал чек ара боюнча маселелерди жеринде карайт.
Буга чейин УКМКнын башчысы Ташиев Германиядан учуп келип, Баткенге бара турганы кабарланган. Ал 12-февралда Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болгон.