• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ташиев: Баткенге саткындарды жана саясий сойкуларды жибербегиле

17 Аяк оона 2019 15:04 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаралган абал тууралуу саясатчы Камчыбек Ташиев билдирүү жасап, «Баткенге саткындарды жана саясий сойкуларды жибербегиле», — деди. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

Кечээги Баткен жергесинде болгон чек ара жаңжалы ар бир кыргызстандыктын тынчтыгын бузду, мен болсо алыс чет жакта болуп калдым, жүрөгүмдү тилип кетти.
Баарыбызга сабырдуулук керек, биз мамлекети , президент жана бийлик ээлери бар элбиз. Мамлекетти, элди жерди сактоо, коргоо ошолордун түздөн түз милдети. Ошондуктан биз аларга ишенүүгө мажбурбуз, а эгерде чече алышпаса, анда башка сөз, иш болот.
Бирок чыккынчыларды, саткындарды, коркокторду жана саясий сойкуларды ал жакка жибербегиле!
Мен өзүм жеке элимдин тынчтыгы, бүтүндүгү жана коопсуздугу үчүн ар дайым, кандай кырдаал болсо да баарына даярмын!
Чек арабызды коргоп каза болгон жоокерибиздин арты кайрылуу болсун, апасына, жакындарына көнүл айтамын.
Эл журтума сабырдуулук тилеймин!, — деп жазган ал

Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Кечээ Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган. Анда Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган. Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келгени кабарланган.

Количество просмотров: 278