• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Ташиев Баткенге шашып бара жатабы?

3 Кулжа 2022 17:29 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тик учактагы видеосу жарыяланды.

Алдын ала маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев Баткенге бара жатат. Деген менен айрым интернет колдонуучулар тасма эски экенин жазышууда.

Ал эми аталган маалымат боюнча УКМКдан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Жерине атайы кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев жөнөп кеткени кабарланды.

Количество просмотров: 1223