• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ташиев Cалык кызматынын жетекчилиги менен кеңешме өткөрдү

8 Бештин айы 2023 16:20 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги менен жаңы салык саясаты боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө УКМКнын башчысы УКМК жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине ишкердик субъекттери, анын ичинде өлкөнүн ири соода жана оюн-зоок борборлорунун ээлери тарабынан чыныгы кирешелерди жашыруу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча, митингдерди уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо, Салык кызматында тиешелүү кадрдык иштерди жүргүзүү менен мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин арасында коррупцияны жана паракорчулукту жоюу, ошондой эле бул багыттагы башка маанилүү маселелерди чечүү боюнча биринчи кезектеги милдеттерди койду.

Алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруунун максаты базардын соодагерлерине жагымдуу шарттарды түзүү, алар үчүн соода жайларынын ижара акысын төмөндөтүү, ошондой эле соода түйүндөрүнүн жана соода-базар комплекстеринин ээлеринин көмүскө кирешелерин аныктоо болуп санала тургандыгы белгиленди. УКМКнын мамлекеттин бардык чөйрөлөрүндөгү көмүскө кирешелерге, коррупцияга жана паракорчулукка бөгөт коюу боюнча иш-аракеттери күчөй турганы айтылды.

Количество просмотров: 130