• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Ташиев: Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишим аткарылып жатат

7 Бугу 2024 14:54 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев 7-каналга берген маегинде «Кемпир-Абад суу сактагычына өзбекстандык эки катер кирип, балыкчыларды кууп чыкты» деген маалыматтар боюнча комментарий берди.

Ал Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишим Өзбекстан тараптан 100 пайыз аткарылып жатканын айткан.

«Келишим Өзбекстан тараптан 100 пайыз аткарылып жатат жана мындан ары дагы аткарылат. Маселе өзүбүздө. Мен кечээ эле Өзбекстанга барып келдим. Кесиптешим менен жолуктум. Чек ара башчысын чакырдык. Биздин эки жараныбыз балык уулап жүрүп, Өзбекстан тараптын жээгине, кургактыкка өтүп кетишкен экен. Чынында чек арадан өтүү тартибин бузганы үчүн аларды камаш керек эле. Биз деле ушундай учурлар болуп, чек араны бузуп өтүшсө өзбек жарандарын камайбыз. Мыйзамдар ушундай. Өзбек чек арачылары болсо адамгерчилик кылып, эки жараныбызды катерге салып, биз тарапка чыгарып коюп кайра кетишкен. Бул да болсо мамилебиздин жакшырганы, бийик деңгээлге чыкканы десек болот», — деген Ташиев.

Количество просмотров: 98